12:57, 2023-ж., 10-январь

Тенгиз Бөлтүрүк камакта калды

Тенгиз Бөлтүрүк камакта калды

“Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктү 10-мартка чейин камакта калтырды.

Мындай чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту чыгарганын шаардык соттун басма сөз кызматы «Азаттыкка» билдирген.

Маалыматта буга чейин Башкы прокуратуранын тергөө тобунун жетекчиси аны камакта калтыруу өтүнүчү менен сотко кайрылганы айтылат. Бөлтүрүк Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абагында болот.

Октябрь райондук соту 4-ноябрда “Kумтөр Голд Компани” мамлекеттик ишканасындагы коррупцияга байланыштуу камалган Бөлтүрүктү 10-январга чейин камоо чечимин чыгарган.

25-ноябрда Бишкек шаардык соту анын бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Тениз Бөлтүрүк

Комментарийлер

live comments feed...