• Башкы бет
  • Венгрия жана Кытайдын ЖОЖдоруна сынактык документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды
13:48, 2023-ж., 9-январь

Венгрия жана Кытайдын ЖОЖдоруна сынактык документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

Венгрия жана Кытайдын ЖОЖдоруна сынактык документтерди кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

Кытай менен Венгриянын жогорку окуу жайларына сынактык тандоого катышуу үчүн документтерди кабыл алуу 15-январга чейин узартылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча кыргызстандыктарга Венгриянын ЖОЖдорунун бакалавриат, бир деңгээлдүү магистратура, магистратура жана докторантура программалары боюнча венгр же англис тилдеринде окууга гранттар бөлүнөрүн эскертет.

Ошондой эле гранттар Кытайдын ЖОЖдорунда бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары, тилди такшалтуу стажировкасы боюнча берилет.

Венгрия бир катар программалар боюнча окууга 200 орун бөлгөн. Стипендиялык программалар тууралуу толук маалыматты сайтынан алууга болот.

Ал эми Кытайдагы окуу боюнча маалымат дарегинде. Кытай 2023-2024-окуу жылына 23 өкмөттүк стипендия бөлгөн.

Конкурска катталуу жана катышуу акысыз. Министрлик документтерди тапшырууда ортомчу агенттиктерди пайдаланбоого чакырды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кытай жана Венгрия

Комментарийлер

live comments feed...