• Башкы бет
  • Өзбекстандык кылмышкерлер Жалал-Абаддан кармалды
13:46, 2023-ж., 9-январь

Өзбекстандык кылмышкерлер Жалал-Абаддан кармалды

Өзбекстандык кылмышкерлер Жалал-Абаддан кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Өзбекстанда оор кылмыштар менен соттолуп, чек арадан мыйзамсыз өткөн жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-январь күнү Сузак районунун Кара-Дарыя айыл аймагынан 2 жаран мамлекеттик чек араны мыйзамсыз бузуп өткөндүгү боюнча маалымат түшкөн.

Факт Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон. Текшерүүдө алар Өзбекстандын Андижан, Фергана облустанынын тургуну экени маалым болуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

«Териштирүү учурунда кармалгандар мурда бир нече жолу соттолушкандыгы, акыркы жолу өз өлкөсүндө адам өлтүрүү менен соттолушуп, Жиззах областында жазасын өтөп жатышкан жеринен качып, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүшкөндүгү аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан тарабынан аларга карата издөө жарыялангандыгы белгилүү болуп, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Сузак РИИБ

Комментарийлер

live comments feed...