• Башкы бет
  • Орусия Украинага басып киргенден бери 100 миңден ашык аскеринен айрылган
13:44, 2023-ж., 9-январь

Орусия Украинага басып киргенден бери 100 миңден ашык аскеринен айрылган

Орусия Украинага басып киргенден бери 100 миңден ашык аскеринен айрылган

Орусия былтыр 24-февралда Украинага басып киргенден бери 111 миң 170 аскеринин айрылганын Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы 8-январда билдирди.Киев адатта майдандагы жоготууларды Батыш өлкөлөрүнүн эсебинен көбөйтүп берет. Согуш маалында эки жактын тең жоготуусун көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес, деп жазат "Азаттык" радиосу.

Киев соңку 24 саттагы чабуулдарда кеминде эки киши набыт болуп, тогуз адам жарадар болгонун кабарлады. Чыгыштагы Донецк, түндүк-чыгыштагы Харьков жана түштүктөгү Херсон облустарына сокку урулду. Запорожьенин жергиликтүү бийлиги орус күчтөрү шаардын чеке-белин “чачыратма ок-дары” менен аткылаганын билдирди.

Шаардык кеңештин катчысы Анатолий Куртаев соңку соккулардан “инфраструктара жабыркаганын” айтып, бирок чоо-жайына токтолгон жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Украина

Комментарийлер

live comments feed...