• Башкы бет
  • Кыргыз-кытай чек арасы: "Эркечтам" бекети аркылуу адамдардын өтүшүнө уруксат берилди
13:41, 2023-ж., 9-январь

Кыргыз-кытай чек арасы: "Эркечтам" бекети аркылуу адамдардын өтүшүнө уруксат берилди

Кыргыз-кытай чек арасы: "Эркечтам" бекети аркылуу адамдардын өтүшүнө уруксат берилди

Кытай кыргызстандык жарандардын "Эркечтам" өткөрмө бекети аркылуу өтүшүнө үч жылдан кийин уруксат берди. Бул тууралуу 9-январда Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди. Аталган бекет 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу толук жабылып, кийин машине өткөрүү үчүн гана ачылган.

Мекеменин маалыматына караганда, Кытайга кирүүнү каалаган жарандар виза алышы керек. Жарандарга ал мамлекеттин чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелеринен саламаттык тууралуу атайын QR-код алуу талабы жокко чыгарылды.

Чек арада 48 саат ичинде тапшырылган ПЧР-тесттин жыйынтыгы талап кылынат. Учак аркылуу баргандар Кытайга жеткенге чейин беткап кийиши шарт. Өлкөгө киргенде тапшырылчу милдеттүү ПЧР-тест жана обсервацияга алуу талабы жоюлду.

Бардык жүргүнчүлөр бажы декларациясын толтурууда саламаттыгы боюнча тесттин жыйынтыгын көрсөтүүгө милдеттүү. Ден соолугу начар же ысытманын белгиси барлар бажыда антигенге тест тапшырат. Текшерүүдө оң жыйынтык чыгып калса, айыкканга чейин үйдө же ооруканада дарылануу сунушталат.

Чек ара кызматынын билдирүүсүндө, кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрмө бекети аркылуу азыр Кытайдан Кыргызстанга жүк ташыган автоунаалар гана өткөрүлүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эркечтам

Комментарийлер

live comments feed...