• Башкы бет
  • Окуучулардын кышкы эс алуусу 19-январга чейин узарышы мүмкүн
13:39, 2023-ж., 9-январь

Окуучулардын кышкы эс алуусу 19-январга чейин узарышы мүмкүн

Окуучулардын кышкы эс алуусу 19-январга чейин узарышы мүмкүн

Саламаттык сактоо министрлиги катаал аба ырайына байланыштуу окуучулардын кышкы эс алуусун 16-январга чейин узартууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы бул маселени мекемелер аралык коммиссия карап жатканын, чечим 10-январга чейин кабыл алынарын маалымдады.

8-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев катаал аба ырайына байланыштуу мектептерди онлайн окууга убактылуу өткөрүп турууну билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго сунуштаганын Твиттерге жазган.

Кыргызгидрометеорология агенттиги 9-январдан тарта бир апта бою Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20... -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Саламаттык сактоо министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...