• Башкы бет
  • Былтыркы Казакстандагы башаламандыкка бир дагы кыргыз жараны катышкан эмес
13:33, 2023-ж., 7-январь

Былтыркы Казакстандагы башаламандыкка бир дагы кыргыз жараны катышкан эмес

Былтыркы Казакстандагы башаламандыкка бир дагы кыргыз жараны катышкан эмес

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Башкы прокурорунун былтыр январь айында болгон массалык башаламандыктарга кыргыз жарандарынын катышуусу тууралуу билдирүүсүнө жооп берди. Министрик маалыматты четке каккан.

Билдирүүдө Казакстанда болгон башаламандыкта Кыргызстандын бир да жараны митингдерге жана талап-тоноочулукка катышпаганы айтылган.

«Массалык башаламандык фактысы боюнча кылмыш ишин тергөөнүн алкагында Кыргызстандын эки жараны шарттуу түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Экөө алардан көз каранды болбогон жагдайда капысынан башка эпизодго кириптер болуп калышкан. Кыргызстандын башка жарандарынын жоопкерчилиги жана күнөөсү далилденген эмес» — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

ТИМ былтыр Казакстандагы башаламандык учурунда Кыргызстандын чет өлкөлүк ведомстволору кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу боюнча иштерди жүргүзүп турганын, ал учурда өлкөдөн 600дөн ашуун кыргызстандыктар дароо эвакуацияланганын кошумчалаган.

Буга чейин, 5-январда Казакстандын мажилисинин жыйынында Башкы прокурор Берик Асылов былтыркы январдагы башаламандыкка казакстандыктар менен бирге чет элдиктер да шектүү деп табылганын билдирген. Алардын арасында Өзбекстандын, Орусиянын, Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандары бар экенин айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ТИМ

Комментарийлер

live comments feed...