• Башкы бет
  • Шашылыш билдирүү: 9-январдан тарта катуу суук болот
13:29, 2023-ж., 7-январь

Шашылыш билдирүү: 9-январдан тарта катуу суук болот

Шашылыш билдирүү: 9-январдан тарта катуу суук болот

9-10-январларда жана 11-январда түнкүсүн туруксуз аба-ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 

10-11-январларда абанын температурасы төмөндөп: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суук, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -13…-18°, күндүз -7…-12° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -5…-10°, күндүз -3…-8° суук, Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -6…-11°, күндүз -3…-8° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -12…-17° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26°, күндүз -15…-20° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -16…-21° суук болушу күтүлөт. 

12-13-январларда абанын температурасы мындан ары төмөндөп: Чүй, Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -14…-19° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -12…-17°, күндүз -9…-14° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -26…-31°, күндүз -17…-22° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -22…-27°, күндүз -15…-20° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -23…-28° суук, Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -33…-38°, күндүз -23…-28° суук болушу күтүлөт. 

Мындай анамалдуу суук аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ӨКМ

Комментарийлер

live comments feed...