• Башкы бет
  • Лас-Вегастагы көргөзмөдө түсүн заматта өзгөртө турган автоунаа көрсөтүлдү
13:26, 2023-ж., 7-январь

Лас-Вегастагы көргөзмөдө түсүн заматта өзгөртө турган автоунаа көрсөтүлдү

Лас-Вегастагы көргөзмөдө түсүн заматта өзгөртө турган автоунаа көрсөтүлдү

Лас-Вегастагы CES 2023 көргөзмөсүндө BMW компаниясынын түсүн заматта өзгөртө турган автоунаасы көрсөтүлдү. Элди таң калтырган i Vision Dee концептуалдык машинесинин көрүнүшү 32 түскө алмашат.

Электрден кубат ала турган автоунаада айдоочулар көнгөн экрандар жок, бардык маалыматтар алдыңкы айнектеги дисплейде көрсөтүлөт. Айдоочу керектүү баскычтардын жардамы менен каалаган түсүн тандап, терезелердин өлчөмүн, санын жана алардын мазмунун тууралай алат. Машинени сатыкка 2025-жылы чыгаруу мерчемделүүдө.

Хамелеон-автоунаа деп сыпатталган машинеде ар кыл түскө алмаша турган клеткалар да бар. Бул үчүн BMW компаниясы E ink технологиясын колдонгон. Түстөр электр сигналдары аркылуу кубулуп турат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#BMW

Комментарийлер

live comments feed...