• Башкы бет
  • Франция Украинага жеңил танктарды берет
12:45, 2023-ж., 5-январь

Франция Украинага жеңил танктарды берет

Франциянын президенти Эммануель Макрон Украинанын президенти  Владимир Зеленскийге жеңил танка аталган АМХ-10 зооттолгон автоунааларды берерин билдирди. Бул тууралуу эл аралык маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматкан караганда, Батышта дарядалган жеңил танктарды биринчи ирет украин армиясына берип жатат. Бирок анда качан жана канча экени айтылган эмес.

Ал эми Зеленскийдин кеңсесинин башчысы Андрей Ермак Украина Франциядан Bastion зооттолгон автоунааларды аларын билдирди.

Зеленский өзү да муну ырастап, Макрон менен сүйлөшүү учурунда жеңил танктрады жана зооттолгон автоунаалар жөнүндө сөз болгонун жазды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Украина

Комментарийлер

live comments feed...