12:39, 2023-ж., 5-январь

Иске ууланып эки киши каза болду

Иске ууланып эки киши каза болду

4-январга караган түнү Бишкек менен Жалал-Абадда иске ууланып эки киши каза болду.

ӨКМге Свердлов районунун Ак-Бата конушунда жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө 1 күжүрмөн эсеп тартылып, саат  23: 38де чектөөгө алынып, 23:58де толук өчүрүлгөн.

Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 48 жаштагы К.Б аттуу эркек киши түтүнгө ууланып, каза тапкан.

Ошондой эле 4-январда Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Күмүш-Азиз айылында жайгашкан турак үйдөн да өрт чыккан. Тилсиз жоону өчүрүүгө 1 бөлүм тартылып, саат 06:12де чектөөгө алынуу менен 07:01де толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен 52 жаштагы Ч.З аттуу эркек киши иске ууланып, каза болгон.

Учурда себептери такталууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ӨКМ

Комментарийлер

live comments feed...