• Башкы бет
  • Өлкөдө эки күн ичинде 43 жол кырсыгы катталды
15:32, 2023-ж., 4-январь

Өлкөдө эки күн ичинде 43 жол кырсыгы катталды

Өлкөдө эки күн ичинде 43 жол кырсыгы катталды

Жыл башталгандан бери эки күн ичинде 43 жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министригинин басма сөз кызматы кабарлады.

ИИМдин ички иштер органдарынын жалпы кызматкерлери өлкө аймагында коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо багытында иштерди улантууда.

Жалпысынан миңден ашык кайрылуу, билдирүү түшүп анын отуздан ашыгы катталды. Жол унаа кырсыктарынан 43 катталып, анын кесепетинен 4 адам каза болуп 68 адам ар кандай жаракаттарды алды. Оор жана өтө оор кылмыштар жок.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башкармалык жана бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан оор жол кырсыктарына алып келүүчү одоно жол кыймылынын эрежелеир бузуу, мас абалда унаа башкарган айдоочуларга карата катуу чаралар көрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ИИМ

Комментарийлер

live comments feed...