• Башкы бет
  • Чаткалдагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу ачылды
15:19, 2023-ж., 4-январь

Чаткалдагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу ачылды

Чаткалдагы Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолу ачылды

Бүгүн, 4-январда Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымга чейинки аралыгында түшкөн кар көчкү тазаланып, каттам толук ачылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда 3-январь күнү саат 23:30 чамасында «Красная Горка — Ак-Таш» унаа жолунун болжол менен 4-чакырымында кар көчкү түшүп, унаа каттамын эки тараптуу жаап калган.

Бүгүн жерине тазалоо иш чараларын аткаруу максатында  №27 ЖТИден 1 жүктөгүч жана 1 манипулятор тартылып, жолдогу тазалоо иши жүргүзүлдү. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#ӨКМ

Комментарийлер

live comments feed...