14:08
-ж., 29-февраль
Ошто салмагы 5 килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда алар Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
3-январында кармалган Д. А. М., Б. О. А. жана Ж. Т. Ж. аттуу жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмышты жасагандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Ош шаардык сотунун тергөө судьясынын аныктамасынын негизинде камоо түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Комментарийлер