• Башкы бет
  • Баткен: Иске ууланып каза болгон үй-бүлөнүн окуясы иликтенүүдө
15:08, 2023-ж., 4-январь

Баткен: Иске ууланып каза болгон үй-бүлөнүн окуясы иликтенүүдө

Баткен: Иске ууланып каза болгон үй-бүлөнүн окуясы иликтенүүдө

Баткен облусуна караштуу Кадамжай райондук ички иштер бөлүмү алты адамдан турган үй-бүлө мүчөлөрү түтүнгө ууланып мерт болгон окуяны иликтеп жатат.

Милиция тараткан маалыматта кырсык 30-декабрга караган түнү катталганы, окуя болгон жерге ыкчам-иликтөө тобу барып келгени айтылат.

Алга айылынын 1986-жылы туулган тургуну жаңы салынган үйүндө аялы, үч баласы жана кайын агасынын уулу менен уктап жатканда түтүнгө ууланышкан.

"Үйдү жылытуу үчүн сайылган эки электр жылыткычтын айынан электр зымдары ээрип күйүп, үйдүн ичиндеги диван жана жерге төшөлгөн паластар өрттөнүп, үйдүн ичи түтүнгө толуп, алардын ууланып каза болгону аныкталган. Бул окуяга байланыштуу соттук-медициналык жана өрт-техникалык экспертизалар дайындалды", - деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.

Буга чейин Кыргызстанда иске, түтүнгө ууланып каза болгон окуялар катталган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кадамжай

Комментарийлер

live comments feed...