• Башкы бет
  • Өлкөдө ашуулардагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө
15:04, 2023-ж., 4-январь

Өлкөдө ашуулардагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө

Өлкөдө ашуулардагы жолдорду тазалоо иштери жүрүүдө

Кар калың жааганына байланыштуу Кыргызстандын ашууларындагы автомобилдик жолдорду тазалоо жана сыйгалакка каршы каражаттарды себүү иши уланып жатат. Бул тууралуу 4-январда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда Ош–Сары-Таш автожолунун 56-74-чакырымында (Чыйырчык ашуусу) жааган кардын калыңдыгы 60-70 см болду.

Кардан тазалоо иштери Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт жолунун 90-137-чакырымдарында, Бишкек–Ош жолунун 209-315, 61-115, 123-129 жана 132-209-чакырымдарында жүрүп жатат.

“Сосновка” бекетинде 3-январдан тартып оор жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө киргизилди.

Торугарт, Туз-Бел, Долон, Кызыл-Бел ашууларында, Капчыгай тилкесинде кар аралаш бороон болуп, атайын техника күнү-түнү иштеп жатат.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайку автожолуна жааган кардын калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетти.

Жолдорду кардан тазалоо иштери Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кубакы, Ак-Бейит ашууларында, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда, Арал–Казарман автожолунун 243-249-чакырымдарында да уланууда.

Быйыл Кыргызстанда жаңы жылдын алгачкы түнү ага чейинки жылдардан айырмаланып республиканын бардык аймактарында кар жаады.

Синоптиктер 3-5-январь күндөрү тоолуу аймактарда кар жаай турганын, автожолдордо кооптуу абал түзүлүшү ыктымал экенин эскерткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Карантин

Комментарийлер

live comments feed...