• Башкы бет
  • Кыргызстанда фонограммага тыюу салынды
15:10, 2023-ж., 3-январь

Кыргызстанда фонограммага тыюу салынды

Кыргызстанда фонограммага тыюу салынды

Кыргызстанда 1-январдан тарта концерттерде, маданий иш-чараларда фонограмма менен ырдоого тыюу салынды. Буйрукка, 30-декабрда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов кол койгон.

«Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим беруу мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын», — деп жазылган буйрукта.

Эгерде буйрукта аталган мекемелердеги иш чараларда фонограмма ырдалса жоопкерчилик мекеменин жетекчисинде болот. буйруктун аткарылышын министр өзү көзөмөлдөйт.

Өлкөдө 2012-жылы фонограммага тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бирок, мыйзам аткарылбай келген. Андан бери фонограммага тыюу салууну күчөтүү сунушу бир нече ирет айтылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Маданият министрлиги

Комментарийлер

live comments feed...