• Башкы бет
  • Февралда Украина-Евробиримдик саммити өтөт
15:08, 2023-ж., 3-январь

Февралда Украина-Евробиримдик саммити өтөт

Февралда Украина-Евробиримдик саммити өтөт

3-февралда Киев шаарында Украина — Евробиримдик саммити өтөт. Бул тууралуу Украина президенти Владимир Зеленскийдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Зеленский Евробиримдиктин төрагасы Урсула фон дер Ляйен менен 2-январда телефон аркылуу сүйлөшкөн. Эки тарап 3-февралда боло турган сүйлөшүүлордө күтүлүп жаткан жыйынтыктарды жана ага даярдыкты талкуулаган.

Ошондой эле, тараптар 2023-жылга пландалган Украинага 18 миллиард евро өлчөмүндөгү макрофинансылык жардам көрсөтүү программасын ишке ашырууну талкуулашкан. Владимир Зеленский бул жардамдын 3 миллиард евросун биринчи транш катары январда алуу зарылдыгын айткан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Саммит

Комментарийлер

live comments feed...