• Башкы бет
  • Футбол легендасы Пелени акыркы сапарга узатышты
15:02, 2023-ж., 3-январь

Футбол легендасы Пелени акыркы сапарга узатышты

Футбол легендасы Пелени акыркы сапарга узатышты

2-январда бразилиялык футбол легендасы Пеле акыркы сапарга узатылды. Спорт жылдызынын зыйнаты Сантустагы "Вила Белмиро" стадионунда уюштурулду. Аны менен коштошууга миңдеген кишилер келди.

Үч жолку дүйнө чемпиону Пеле 82 жашында 29-декабрда көз жумган. Ал ноябрдан бери Сан-Паулу шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан эле.

Эдсон Арантис ду Насименту Пеле – футбол тарыхында дүйнө биринчилигин үч жолу (1958, 1962 жана 1970) уткан жалгыз оюнчу. Алгачкы жолу чемпион аталганда 18 жашта болчу.

1977-жылы пенсияга чыккан Пеле жалпысынан 1366 беттеште 1283 гол киргизген. Анын 757си расмий беттештеги голдор.

Футбол тарыхында эң мыкты бомбардир аталган Пеле Бразилия курама командасы үчүн 92 оюн өткөрүп, 77 гол киргизген. Ал XX кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Пеле

Комментарийлер

live comments feed...