• Башкы бет
  • Украина Орусиянын согуштагы жоготуулары боюнча маалыматты жарыялады
14:31, 2023-ж., 2-январь

Украина Орусиянын согуштагы жоготуулары боюнча маалыматты жарыялады

Украина Орусиянын согуштагы жоготуулары боюнча маалыматты жарыялады

Күнүнө 700 баскынчыны жок кылуудабыз. Бул маалыматты Ukraine NOW Телеграм-каналы жарыялап, аны Украина президенти Владимир Зеленский өз баракчасына бөлүштү.

Алар Орусия тарап согуш башталгандан ушул күнгө чейин канча коротууга учураганын төмөнкүдөй тизмектеген:

·106 миң 720 жоокер;

·3 миң 31 танк;

·6 миң 84 брондолгон аскердик унаа;

·2 миң 21 артиллериялык оор курал-жарак;

·423 жапырт атылуучу реактивдүү курал (РСЗО);

·213 аба чабуулунан коргонуу куралы (ПВО);

·283 учак;

·269 тик учак;

·1792 учкучсуз учуучу аппарат;

·723 канаттуу ракета;

·16 кеме;

·4720 автоунаа жана күйүүчү май ташыган унаа;

·181 атайын техника.

2022-жылдын 31-декабрында Орусия армиясы Украинанын борбору Киев шаарына чабуулга өткөнүн бир катар басылмалар жазган. Маалыматты шаар мэри Виталий Кличко да тастыктап, үч райондо имараттар кыйрап калганын билдирген.

Орусия армиясы 2022-жылдын 24-февралында Украинага кол салган. Башка мамлекеттер тарабынан бир нече жолу элдештирүү аракеттери жасалганынан майнап чыкпай, согуш учурда да токтобой келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орус-украин согушу

Комментарийлер

live comments feed...