• Башкы бет
  • ӨКМ эскертет:Тоолуу райондордо кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн
14:28, 2023-ж., 2-январь

ӨКМ эскертет:Тоолуу райондордо кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн

ӨКМ эскертет:Тоолуу райондордо кар көчкүсү түшүүсү мүмкүн

Тоолуу райондордо 3-январдан 5-январга чейин күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу кар көчкү түшүүсү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-январда билдирди.

Жол тайгак болуп, муз тоңот. Мындан улам, унаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши керек. Ошондой эле, төмөнкү унаа жолдорунда кар күрткү ыктымалдуулугу бар:

§«Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу» автоунаа жолунун 55-107 чакырымдары;

§«Ала-Бука — Каныш-Кыя» автоунаа жолунун 68-101 чакырымдары (Чапчыма ашуусу);

§«Красная-Горка — Акташ» автоунаа жолунун 1-4 чакырымдары.

Эгер кырсык катталса 112 номерине байланышуу керек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кар көчкү

Комментарийлер

live comments feed...