• Башкы бет
  • Ошто бажы кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
14:13, 2022-ж., 31-декабрь

Ошто бажы кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ошто бажы кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

30-декабрда Ош шаарынын мэриясында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү.

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов куттуктоосунда бюджеттин киреше бөлүгүн жана экономикалык коопсуздукту камсыз кылууда бажы кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгиледи. Бир катар бажы кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ошондой эле бир катар муниципалдык кызматкерлерге ЖӨБ союзунун сыйлыктары тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бажы

Комментарийлер

live comments feed...