• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө күчү 6 баллга жектен жер титиреди
14:54, 2022-ж., 29-декабрь

Ысык-Көлдө күчү 6 баллга жектен жер титиреди

Ысык-Көлдө күчү 6 баллга жектен жер титиреди

28-декабрь күнү саат 23:16да Ысык-Көл облусунун Кытай менен чектешкен аймагында жер титиреди.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, очогунда күчү 6 баллга жетти.

Ал эми Ак-Суу районунун Таш-Короо, Кургак айылдарында 5 балл, Эчкили-Таш, Койлуу, Май-Саз айылдарында 4,5 балл, Түп районунун Кең-Суу айылында 4,5 балл жана Каракол шаарында 3,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жер титирөө

Комментарийлер

live comments feed...