14:08
-ж., 29-февраль
Жер тилкеге жасалма документ каттатууга шектелип Кара-Суу райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери Э. Б. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган кызматкер 21-декабрда жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттаткан.
Ал тилкени кылмыштуу топтун мүчөлөрү чет элдик инвесторлорго 350 миң АКШ долларына сатууга аракет кылып, бирок атайын кызмат тарабынан токтотулган.
Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнө карата тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Комментарийлер