• Башкы бет
  • Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн милиция кызматкерлери уурдалган малдарды алмаштырышты
13:51, 2022-ж., 28-декабрь

Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн милиция кызматкерлери уурдалган малдарды алмаштырышты

Кыргыз-тажик чек арасы: эки өлкөнүн милиция кызматкерлери уурдалган малдарды алмаштырышты

Лейлек районундагы Арка айылына чектеш Тажикстандын Хужант-Канибадам жолунда милиция кызматкерлери уурдалган малды бири-бирине өткөрүп беришти. Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгы 28-декабрда билдирди.

Кыргыз тарап үч уй, үч музоону өткөрүп алып, алты баш бодо малды тажик тарапка өткөрүп берген.

Анда Лейлек менен Бабажон Гафуров райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн башчылары жолугуп, эки элдин ортосундагы ар кандай пикир келишпестиктерди жана улуттар аралык чыр-чатактарды алдын алуу боюнча иштер жүрүп жатканы айтылган. Чек ара тилкелеринде жашаган тургундарга пиротехникалык каражаттарды колдонууга тыюу салынганы маалым болду.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келген. Акыркы 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин "агрессияга" айыптаган окуядан Кыргызстан бери дегенде 63 жаранынан айрылып, жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кыргыз-тажик чек арасы

Комментарийлер

live comments feed...