• Башкы бет
  • Ош шаарынын кире беришинен кошумча жол ачылат
15:26, 2022-ж., 27-декабрь

Ош шаарынын кире беришинен кошумча жол ачылат

Ош шаарынын кире беришинен кошумча жол ачылат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасы менен аркадан шаарга кире беришинен сол тарапка кыймыл ачуу үчүн тийиштүү иштер башталды. Учурда жолдун Алымбек Датканын эстелигине чейинки бөлүгүндөгү бордюрларды алып салуу иштери жүрүүдө. Тиешелүү кызматтар атайын техникалары менен иштеп жатат.

Демонтаждоо иштери аяктаган соң жол белгилери коюлуп, жол чырактар орнотулат. Көчөгө шагыл төгүлүп, жол тегизделет. Ал эми жаз мезгилинде асфальт төшөлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...