• Башкы бет
  • Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү
15:21, 2022-ж., 27-декабрь

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү

Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өттү

Сессияга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков, мэр Бакытбек Жетигенов, депутаттар, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Күн тартибинде 19 маселе каралат, анын ичинде муниципалдык жерлерди пайдалануудан жергиликтүү бюджетти толтуруу боюнча аткарылып жаткан иштер, коррупцияга каршы чаралар, электр менен камсыздоо ишканаларынын ишмердүүлүгү, шаардын аксакалдар сотунун иши жана башка маселелер бар.

Сессиянын башында шаардык кеңештин эки жаңы депутаты: Ракыя Абдыкадырова (“Ата-Журт Кыргызстан”) жана Жаркынай Пазылова (“Биздин Кыргызстан”) тааныштырылды.

Ошондой эле, жыл ичинде жигердүү иштери менен айырмаланган бир катар депутаттар Ардак грамоталар менен сыйланышты. Депутат Назима Алмазбек кызына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин энчилүү сааты тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаардык кеңеши

Комментарийлер

live comments feed...