• Башкы бет
  • Материалдык резервде буудай, ун, өсүмдүк майынын кору жетиштүү
15:15, 2022-ж., 27-декабрь

Материалдык резервде буудай, ун, өсүмдүк майынын кору жетиштүү

Материалдык резервде буудай, ун, өсүмдүк майынын кору жетиштүү

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунда буудайдын, ундун, өсүмдүк майынын жана кумшекердин кору жетиштүү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өкмөттүн жыйынында билдирди. 

Төрөбаевдин маалыматында, ун чыгаруучу комбинаттарда буудайдын кору түгөнсө да, матрезервдин кампаларында буудай жетиштүү болот. Май чыгаруучу заводдор менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.

“Азык-түлүк коопсуздугу дагы мамлекеттик коопсуздуктун негизине кирет. Муну эске алуу менен азык-түлүккө болгон кошумча нарк салыгын төлөөдөн бошотуу маселеси каралууда”, – деди Бакыт Төрөбаев.

Ал эми, кумшекер боюнча да көйгөй жаралбайт. Себеби быйыл «Кошой» жана “Кайыңды кант” заводдору менен биргеликте 62 миң тонна кумшекер өндүрүлгөн.

Буга чейин, ун комбинаттары ассоциациясы 1-январдан тарта ун, нан жана жемдин баасы кымбаттай турганын билдирген. Себеби 31-декабрда ун комбинаттары үчүн данды алып келүү жана кайра иштетүү боюнча жеңилдиктердин мөөнөтү аяктайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Матераилдык резерв

Комментарийлер

live comments feed...