• Башкы бет
  • Бишкекте баш коргоо чарасы каралган үч саясатчы тең камакта калтырылды
15:12, 2022-ж., 27-декабрь

Бишкекте баш коргоо чарасы каралган үч саясатчы тең камакта калтырылды

Бишкекте баш коргоо чарасы каралган үч саясатчы тең камакта калтырылды

Бишкек шаардык сотунда 27-декабрда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын каралууда. Саат 12:20га карата атайын кызматтын мурдагы төрөгасы Кеңешбек Дүйшөбаев, саясатчылар Кубанычбек Кадыров жана Улукбек Маматаевдин бөгөт чарасы каралып, баары тең камакта калды.

Шаардык сот Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечимин өзгөртүүдөн, жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты.

Бүгүн эртең менен шаардык сот алты кишини абакта калтырган.

Алар: Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан жана Илгиз Шаменов. Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Камактагылардын 14ү каршылык иретинде ачкачылык кармап жатат. Буга чейин үч киши ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

Ички иштер министрлиги камактагы адамдар Жазык кодексинин «Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык» беренесинин негизинде кармалганын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Саясатчылар

Комментарийлер

live comments feed...