• Башкы бет
  • Президент "Достук" чек ара заставасына барды
14:33, 2022-ж., 26-декабрь

Президент "Достук" чек ара заставасына барды

Президент "Достук" чек ара заставасына барды

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапарында «Достук» чек ара заставасына барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Анда имараттын абалы жана аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышкан.

«Мекеме бардык зарыл болгон жабдуулар менен жабдылганы жана керектүү талаптарга жооп берери белгиленди. Мамлекет чек арадагы аскерлердин кызмат өтөөсү талаптагыдай деңгээлде болушу үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүдө», — деп жазылган өлкө башчынын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө.

Ошондой эле, президент чек ара кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо боюнча иштер улантыла турганын белгилеген.

Кечээ Баткенге барган президент Миң-Өрүк, Капчыгай, Ак-Сай, Достук айылдарындагы үйлөрдүн кулушу менен таанышып, жергиликтүү тургундар менен жолугушкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Садыр Жапаров

Комментарийлер

live comments feed...