• Башкы бет
  • Нарында 5 милиция кызматкери кармалды
14:30, 2022-ж., 26-декабрь

Нарында 5 милиция кызматкери кармалды

Нарында 5 милиция кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Нарын облусунун Кочкор районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен беш милиция кызматкери кармалганын билдирди.

“7-ноябрда кылмыштуу топтун бул мүчөлөрү Кочкор районундагы кафелердин бирин өрттөйбүз деп, коркутуу жолу менен ай сайын 1000 АКШ долларын берип турууну талап кылышкан. Ошол эле учурда алар эсепти төлөөдөн орой баш тартышып, натыйжада мекеменин кожоюну мушташкандарга чара көрүү өтүнүчү менен милициянын 102 номуруна чалган”, — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтын айтымында, милиция берилген арызга чара көргөн эмес жана кылмыштуу топтун мүчөлөрү коркутуп-үркүтүүлөрүн улантып келген.

Расмий маалыматта аларга чара көрүүгө аракет кылган учурда милициянын аймактык бөлүмүнүн башчысын кол алдындагылардын көзүнчө сабап, өздөрү изин жашырып кетишкени айтылат.

“Кылмыш ишин тергөө учурунда Кочкор РИИБнын жетекчилиги тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө колдоо көрсөткөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Ошол эле учурда нөөмөт кызматына бул окуяны журнал жана оперативдүү протоколдоруна киргизбөө боюнча көрсөтмө берүү менен окуяны жаап-жашыруу аракеттери документтештирилген. Ошол эле учурда РИИБ жетекчилиги кызматтык абалынан пайдаланып, мекеменин ээсин тиешелүү органдарга кайрылбоого бир нече жолу көндүрүүгө аракет кылышкан”, — деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Учурда уюшкан кылмыштуу топтун кармалган мүчөлөрүнө карата тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Алардын башка дагы кылмыштарга катышы бар экендигин аныктоо иштери жүрүп жатат.

Кочкор милициясынын кызмат адамдарынын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, кылмыш жоопкерчилигинен мыйзамсыз бошотуу, шалаакылык жана кылмышты жашыруу сыяктуу аракеттерине карата тергөөнүн жыйынтыгында юридикалык баа берилет.

ИИМ маалымат бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#УКМК

Комментарийлер

live comments feed...