• Башкы бет
  • Бектур Асанов менен Равшан Жээнбеков камакта калды
14:26, 2022-ж., 26-декабрь

Бектур Асанов менен Равшан Жээнбеков камакта калды

Бектур Асанов менен Равшан Жээнбеков камакта калды

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалгандардын баш коргоо чараларын кароо башталды.

Алгачкылардан болуп саясатчылар Бектур Асанов менен Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы каралды. Жыйынтыгында сот аларга карата райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.

Буга чейин аталган иш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту кармалгандардын тергөө мөөнөтүн дагы эки айга узартуу боюнча  чечим чыгарган. Ал эми Бектур Асанов жана Равшан Жээнбеков дагы 20-февралга чейин абакта калтырылган.

Бүгүн жалпысынан шаардык сотто кармалгандардын онго жакынынын баш коргоо чаралары карала тургандыгы маалымдалган.

Ал эми Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашуун кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. 

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бектур Асанов

Комментарийлер

live comments feed...