• Башкы бет
  • Активист Атай Бейшенбек камакта калтырылды
14:24, 2022-ж., 26-декабрь

Активист Атай Бейшенбек камакта калтырылды

Активист Атай Бейшенбек камакта калтырылды

Активист Атай Бейшенбек уулу 20-февралга чейин абакта калтырылды. Мындай чечим бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык соту тарабынан чыгарылды.

Сот залында активисттин жактоочусу Тимур Султанбеков Атай Бейшенбекке карата баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына же эч жакка чыкпоо чечимин кабыл алып берүүнү сурады. Ал эми активист өзүнө коюлган айыптарга макул эместигин айтып, тергөө иштери болбой жаткандыгын айтты.

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт кармалгандардын баш коргоо чараларын кароо башталган. Эрте менен Равшан Жээнбеков менен Бектур Асановдун иши каралып, алар да 20-февралга чейин абакта калтырылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Атай Бейшенбек

Комментарийлер

live comments feed...