• Башкы бет
  • Садыр Жапаров Орусияда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат
15:38, 2022-ж., 24-декабрь

Садыр Жапаров Орусияда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

Садыр Жапаров Орусияда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат

Президент Садыр Жапаров, 26-декабрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарына иш сапары менен барат. Анын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышат. Бул тууралуу президенттин администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Ал иш-чарага Беларус, Азербайжан, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын президенттери жана Армениянын премьер-министринин катышуусу күтүлүүдө.

Буга чейин 14-октябрда Астана шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Президент

Комментарийлер

live comments feed...