• Башкы бет
  • "Т" формасындагы кесилиштен Ош шаарына баруучу жолдун курулушу жанданат
14:27, 2022-ж., 23-декабрь

"Т" формасындагы кесилиштен Ош шаарына баруучу жолдун курулушу жанданат

"Т" формасындагы кесилиштен Ош шаарына баруучу жолдун курулушу жанданат

22-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов Ош-Бишкек унаа жолунун 660-чакырымынан (“Т-образка”) Ош шаарындагы Привокзальная көчөсүнө чейинки жолду куруу иштери менен таанышты.

Мэрдин айтымында, унаа тыгындарын чечүү үчүн бул жолду ачуу маселеси актуалдуу.

"Бул жолду ачуу маселеси бир нече жылдан бери көтөрүлүп келе жатат. Учурда аны чечүү биз үчүн эң башкы багыттардын бири. Анткени бул жолдун ачылышы Монуев көчөсүндөгү унаа тыгындарын жеңилдетет. Адистердин айтымында, бул альтернативдик жолдун иштей башташы шаардын кире беришиндеги унаа тыгынын 30%га чейин азайтат.

Белгилей кетейин, КР Транспорт министрлигинин бул жолдун курулушуна тиешелүү долбоору бар. Т түрүндөгү кесилиштен шаардын кире беришиндеги темир жолго чейинки жолдун жалпы узундугу болжол менен 4,8 км. Анын негизги 1,6 чакырым тилкесинде Шарк айыл өкмөтү менен биргеликте санитардык тазалоо, жолду тегиздөө, шагыл төшөө иштери жүргүзүлүшү керек. Учурда жапа тырмак киришип, иш жүрүп жатат.

Мындан тышкары, шаардын кире беришиндеги темир жол аркылуу өтүүчү жолду ачуу боюнча да темир жол жетекчилиги менен бирге чечим кабыл алынууда”, - деп белгиледи мэр.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош мэриясы

Комментарийлер

live comments feed...