• Башкы бет
  • Баткен: жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду
14:21, 2022-ж., 23-декабрь

Баткен: жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду

Баткен: жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду

Баткен облусунун Кадамжай районунда жерлерди мыйзамсыз трансформациялоо боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Айрыбаз айылында 2017-жылдын 18-апрелиндеги №15- токтому менен 581 жаранга үй куруу үчүн 95 гектар жер мыйзамсыз трансформацияланган.

Ошол элу учурда, бөлүштүрүлгөн жерлер айрым муниципалдык мекемелердин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине берилген.

«Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кадамжай районунун Айрыбаз айыл аймагында  жер тилкелеринин 197 мамлекеттик актылары алынды. Алардын ичинде Айрыбаз айылына кирбеген башка аймактын жашоочулары да бар экени аныкталды», — деп айтылат атайын кызмат тараткан маалыматта.

Азыркы учурда жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Кадамжай

Комментарийлер

live comments feed...