• Башкы бет
  • Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду
14:16, 2022-ж., 23-декабрь

Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору талкууга коюлду

Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоору  талкууга коюлду

Советтик репрессиянын курмандыктарын актоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга койду. Долбоор 1918-1953-жылдары саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтукка алынган жарандарды актоого багытталган.

Мыйзамдын демилгечилери - депутаттар Жанар Акаев, Нурланбек Шакиев, Чолпон Султанбекова жана Мирлан Самыйкожо.

Долбоордо Кыргызстанда советтик репрессиянын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча мыйзам 1994-жылы кабыл алынып, алты жолу өзгөргөнү менен эффективдүү жыйынтык бербегени белгиленген.

"Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоору 1918-1953-жылдардагы саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо маселелерин мыйзамдуу жөнгө салууга багытталган, бул эң оболу атылган, соттолгон, айдалган же айдап жиберилген, мүлкүнөн жана турак жайынан ажыраган, укук жагынан башка зомбулуктарга дуушарланган жана саясий репрессиялардын курмандыгы болуп калган адамдардын жакшы ысмын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен катар мыйзамды кабыл алуу жана андан соң ишке ашыруу сталиндик репрессиялардын чыныгы себептери жана масштабдары жөнүндө объективдүү баа берүүгө жана өлкөнүн коомчулугуна маалымдоого, тарыхый адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө, туура саясий жана укуктук тыянак чыгарууга, келечекке сабак алууга мүмкүндүк ачат", - деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкатында.

Мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеш саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссия түзөт жана ал Илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнография институтунун алдында иштейт. Ага өкмөттүк эмес укук коргоо уюмдарынан беш өкүл, совет мезгилиндеги Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө адистешкен үч илимпоз, Акыйкатчы институтунан, укук коргоо органдарынан жана Мамлекеттик архивден бирден кызматкер кошулат.

1937-38-жылдары күч алган репрессияда Кыргызстандан ар кандай булактарда 20 миңден 40 миңге чейин адам өлүм жазасына тартылганы айтылат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жогорку Кеңеш

Комментарийлер

live comments feed...