• Башкы бет
  • Маңзат сатууга айыпталган кыргызстандык 7,5 жылга абакка кесилди
14:11, 2022-ж., 23-декабрь

Маңзат сатууга айыпталган кыргызстандык 7,5 жылга абакка кесилди

Маңзат сатууга айыпталган кыргызстандык 7,5 жылга абакка кесилди

Орусиянын Клинцы шаардык соту 29 жаштагы кыргызстандыкты интернет аркылуу ири көлөмдөгү маңзат сатуу боюнча күнөөлүү деп таап, 7,5 жылга катаал режимдеги абакка кести.

Бул тууралуу маалымат Клинцы шаардык сотунун сайтына жарыяланды. Ага ылайык, Новосибирск шаарында жашаган кыргызстандыкка Орусиянын Кылмыш кодексинин "Маалыматтык жана телекоммуникациялык тармактарды (анын ичинде интернетти) пайдалануу менен, алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен ири өлчөмдө баңги каражаттарын мыйзамсыз сатууга аракет кылуу" беренеси боюнча чечим чыккан.

Шаардык соттун маалыматында, кыргызстандык быйыл август айында оператордон мессенжер аркылуу маалымат алып, буйрутманы аткаруу үчүн Клинцы шаарына жөнөгөн. Жолдон Брянск шаарынан таңгакталган баңгизатты алып, оператор айткан дарекке баратканда Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине кармалган. Клинцы соту кыргызстандыктын аты-жөнүн тактаган эмес.

Бул маалымат боюнча Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери комментарий бере элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Орусия

Комментарийлер

live comments feed...