• Башкы бет
  • Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча каттамдар көбөйтүлөт
13:15, 2022-ж., 22-декабрь

Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча каттамдар көбөйтүлөт

Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча каттамдар көбөйтүлөт

30-декабрдан тарта Кувейт-Бишкек-Кувейт багыты боюнча кошумча чартердик каттамдар ачылат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Jazeera Airways авиакомпаниясы Бишкектен Кувейтке каттамдарды 2022-жылдын 30-декабрында жана 2023-жылдын 1, 2, 4, 13, 15, 19-январында аткарат.

Буга чейин Бишкектен Кувейтке жумасына 4 туруктуу каттам аткарылып келген — дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума күндөрү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Бишкек-Кувейт

Комментарийлер

live comments feed...