• Башкы бет
  • Жогорку Кеңеш экс-президенттердин артыкчылык макамынан ажыратуубоюнча мыйам долбоорун биринчи окууда жактырды
13:12, 2022-ж., 22-декабрь

Жогорку Кеңеш экс-президенттердин артыкчылык макамынан ажыратуубоюнча мыйам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш экс-президенттердин артыкчылык макамынан ажыратуубоюнча мыйам долбоорун биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңеш «Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттердин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү 21-декабрдагы жыйынында биринчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоордун демилгечиси Жогорку Кеңештин «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жеңишбек Токторбаевдин сөзүнө караганда, документ мамлекеттин мүлкүн жана бюджет каражатын рационалдуу пайдаланууга багытталган.

Документте экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою пайдаланууга берилет деген ченемди алып салуу сунушталган. Жаңы шайланган мамлекет башчы кызматына киришкенден тартып экс-президент бир айдын ичинде мамлекеттик резиденциядагы үйдү пайдаланууну токтотушу керектиги жазылган. Андан тышкары мамлекеттик резиденцияда жашаган президенттен башка бардык мамлекеттик кызматкерлерди коммуналдык акыны өз эсебинен төлөөгө милдеттендирет.

6-декабрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратуу боюнча мыйзам долбоорун жактырган. Учурда экс-президенттик макам Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаевада гана бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Жогорку Кеңеш

Комментарийлер

live comments feed...