• Башкы бет
  • В.Зеленский: Орусиянын ээнбаштыгы бизди башкара албай калды
13:04, 2022-ж., 22-декабрь

В.Зеленский: Орусиянын ээнбаштыгы бизди башкара албай калды

В.Зеленский: Орусиянын ээнбаштыгы бизди башкара албай калды

Шаршембинин кечинде Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттардын Конгрессине кайрылуу жасады. Ал Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүүдө Украинага жардам көрсөткөнү үчүн америкалыктарга ыраазычылык билдирди.

"Украина украиналыктардын эрдиги, америкалыктардын колдоосу менен бекем турду, эми ал жеңишке жетет. Украина тирүү, күрөшүп жатат. Орусиянын ээнбаштыгы бизди башкара албай калды", - деди Зеленский Конгресстин эки палатасы катышкан жыйында сүйлөп жатып.

Украин президенти орус агрессиясынын мизин кайтарууну украиналыктардын жалпы коопсуздук үчүн күрөшү деп атады.

"Эгер биз Орусияны токтотпосок, ал силердин союздаштарыңарга кол салат. Бул согушту кийинкиге калтырууга болбойт, аны жеңиш керек", - деди.

Зеленский америкалыктардын Украинага көрсөткөн каржылык колдоосун "жалпы коопсуздук үчүн инвестиция" деп баалады.

Ал келерки жылы аскердик конфликтте бурулуш болорун божомолдоп, "Мен билем, бул Украинанын эрдиги жана америкалыктардын чечкиндүүлүгү өз баалуулуктарын жактаган адамдардын эркиндигин камсыздай турган учур", - деди.

Украин президенти Конгресске кайрылуусунда АКШнын Украинага жөнөткөн аскердик артиллериялары жетишсиз болуп жатканын, украин аскерлери америкалык техникаларды, танктарды, учактарды башкарууга жөндөмдүү экенине ишендирди.

Кайрылуунун соңунда Зеленский өкүлдөр палатасынын төрайымы Нэнси Пелосиге Бахмутта алдыңкы катарда согушуп жаткан украиналык жоокердин колу коюлган Украинанын желегин тапшырды.

Зеленский конрессмендерге кайрылуу жасагандан мурда АКШ президенти Жо Байден менен ак үйдө жолугушкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#В. Зеленский

Комментарийлер

live comments feed...