• Башкы бет
  • Ошто базарларды иретке келтирүү иштери башталды
13:19, 2022-ж., 21-декабрь

Ошто базарларды иретке келтирүү иштери башталды

Ошто базарларды иретке келтирүү иштери башталды

Кечээ, 20-декабрда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов калаанын борбордук базарын кыдырды. Анын алкагында мэр соттук териштирүүлөр жүрүп жаткан жер тилкелери менен таанышты.

Тиешелүү кызматтарга борбордук көпүрөнүн аймагындагы канализациялык коллектордун аймагын бошотуу, ошондой эле Кара-Суу - Райымбеков көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз курулуштарды бузуу маселесин кароо тапшырмасы берилди.

Мындан тышкары, калаа башчы “Бексултан” базарында жана “Турснаб” (Шоколад базары) базарына баруучу жолдордо өрткө каршы өтмөктөрдү ачуу боюнча тапшырмаларды берди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Борбордук базар

Комментарийлер

live comments feed...