• Башкы бет
  • Зеленский АКШга барып, Байден менен жолугушуусу мүмкүн,-ЖМК
13:14, 2022-ж., 21-декабрь

Зеленский АКШга барып, Байден менен жолугушуусу мүмкүн,-ЖМК

Зеленский АКШга барып, Байден менен жолугушуусу мүмкүн,-ЖМК

Украинанын президенти Владимир Зеленский шаршемби күнү Вашингтонго сапар менен барып, конгресстин биргелешкен жыйынында сөз сүйлөшү керек.

Бул тууралуу 20-декабрдын кечинде америкалык маалымат каражаттары Ак үйдөгү булактарына таянып жазып чыгышты. Сапар коопсуздук чараларына байланыштуу болбой дагы калышы ыктымал.

Маалыматтарга караганда, Зеленский менен АКШ президенти Жо Байдендин жолугушуусу пландалган. Америка жана украин өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү комментарий берүүдөн баш тартты. Шейшембиде өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси палатанын бардык өкүлдөрүнө "атайын жыйын өткөрүү үчүн" шаршембиде Капитолийге келүүнү өтүнүп кат жөнөткөн.

Ушул аптада конгресс Украина жана АКШнын НАТО боюнча союздаштарына 47 миллиард долларлык жардам пакетин бекитиши керек.

Украина президентинин сапары АКШ менен Украинанын ортосундагы тыгыз өнөктөштүктүн далили болот. CNN телеканалынын маалыматына караганда, ушул аптада Вашингтон Украинага Patriot зениттик-ракеталык комплекстерин жеткирүүнү жарыялашы мүмкүн.

Владимир Зеленскийдин Вашингтонго сапары Орусиянын Украинага басып киргенден берки биринчи чет элдик сапары болуп калат. Ал орус баскынчылыгы башталгандан бери Киевден видеобайланыш аркылуу бир нече өлкөнүн парламенттерине кайрылуу жасаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Зеленский

Комментарийлер

live comments feed...