• Башкы бет
  • "Альфа Телеком" ишканасын баалоочу компанияны тандоо үчүн сынак жарыяланды
13:08, 2022-ж., 21-декабрь

"Альфа Телеком" ишканасын баалоочу компанияны тандоо үчүн сынак жарыяланды

"Альфа Телеком" ишканасын баалоочу компанияны тандоо үчүн сынак жарыяланды

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду "Альфа Телеком" ("Мега" бренди) ишканасын баалоочу компанияны тандоо үчүн сынак жарыялады. Мындай жарыя 20-декабрда мамлекеттик сатып алуулар порталына чыкты.

Андагы маалыматка ылайык, арыздар 2023-жылдын 9-январына чейин кабыл алынат. Баалоо үчүн 7 млн. 800 миң сом белгиленген. Тандалган компания тиешелүү документтерди алган соң 45 күндүн ичинде баалоо иштерин бүтүрүшү керек.

Фонддун башчысы Мирлан Бакиров "Азаттыкка" билдиргендей, "Мега" мамлекет сатыкка коё турган 30 ишкананын катарында, буга чейинки сынактарда талапка жооп берген баалоочу компания чыккан эмес.

"Буга чейинки сынактарда талаптарга жооп берген компаниялар чыккан эмес. Эми баалоочу аныкталса, ал алгач компанияны баалайт. Андан соң мыйзамга ылайык комиссия түзүлөт. Кийин компанияны сатуу ачык аукцион, сынак же түз сатуу механизмдери менен каралышы мүмкүн. Азыр аны баалоо жөнүндө гана сөз болуп жатат", - деди Бакиров.

Бакиров "Мега" убагында 19 миллиард сомго бааланганын, азыркы наркы 14-15-миллиард сом болушу мүмкүн экенин быйыл ноябрда парламенттин тармактык комитетинин жыйынында айткан. Компаниянын так баасы баалоо иштеринин жүрүшүндө билинерин кошумчалаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Мегаком

Комментарийлер

live comments feed...