• Башкы бет
  • Ошто Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин куттукташты
13:33, 2022-ж., 20-декабрь

Ошто Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин куттукташты

Ошто Улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин куттукташты

Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарында Улуттук коопсуздук органдарынын күнүнүн алкагында мекеме кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттукташты.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Уристем Манапов, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты.

Мэр кызматкерлердин мыйзамды жана коопсуздукту сактоого кошкон салымын белгиледи. Улуттук коопсуздук органдарынын өзгөчөлөнгөн кызматкерлери, кызматтын ардагерлери Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Ош шаарынын мэринин резервдик фондунан кызматкерлерге жана ардагерлерге материалдык колдоо иретинде 150 миң сом бөлүнүп берилди.

Улуттук коопсуздук тармагынын кызматкерлерин башка башкармалыктардын жана түзүмдөрдүн жетекчилери да куттукташты.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Ош шаары

Комментарийлер

live comments feed...