• Башкы бет
  • Аргентина бийлиги 20-декабрды улуттук майрам деп белгиледи
13:28, 2022-ж., 20-декабрь

Аргентина бийлиги 20-декабрды улуттук майрам деп белгиледи

Аргентина бийлиги 20-декабрды улуттук майрам деп белгиледи

Аргентина бийлиги 20-декабрды өлкөнүн 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы жеңишинин урматына улуттук майрам деп жарыялады.

Аргентина курама командасынын футболчулары бүгүн борбору Буэнос-Айрес шаарына келет. Андан соң шаарда чемпионаттын парады башталат.

18-декабрда Аргентина курама командасы 2022-жылкы Дүйнө чемпиондугунун финалында Францияны пеналтилер сериясынан  4:2 эсебинде утуп, дүйнө чемпиону болду.

Аргентиналыктар 36 жылдан кийин үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болушту. Буга чейин, команда 1978 жана 1986-жылдары дүйнө чемпиону болгон.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Аргентина

Комментарийлер

live comments feed...