• Башкы бет
  • Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчылардын жакындары акцияга чыгышты
13:21, 2022-ж., 20-декабрь

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчылардын жакындары акцияга чыгышты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчылардын жакындары акцияга чыгышты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы, активисттердин жакындары 20-декабрда Бишкектеги Панфилов сейил багына акцияга чыгышты. Акцияга жыйырмадан ашык киши чогулду. Алар президент Садыр Жапаров менен жолугушууну, камалган жакындарын үй камагына чыгарууну талап кылышты.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына бир апта болду. Акыйкатчы баштаган айрым укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Акция

Комментарийлер

live comments feed...