• Башкы бет
  • Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтөт
13:33, 2022-ж., 19-декабрь

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтөт

Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтөт

Бүгүн, 19-декабрда Кыргызстанды Соода-өнөр жай палатасынын төрагасын шайлоо өтөт. Азыр палатанын жыйыны башталып, талапкерлер өзүнүн программасын тааныштырып жатат.

Палатанын президиуму төрагалыкка талапкерлигин койгон тогуз кишинин ичинен бардык талапка жооп берген үч адамдын талапкерлигин 15-декабрда жактырган.

Соода-өнөр жай палатасынын төрагалыгына талапкерлер:

Кыргызстандын экс-премьер-министри Темир Сариев.

INTEGRA Engineering Group ишканасынын негиздөөчүсү жана башкы директорунун кеңешчиси Жодар Сайдилканов.

“Шумкар логистикалык компаниясынын” башкы директору Авазбек Керимбаев.

Палатанын мурдагы башчысы Марат Шаршекеев ноябрдын аягында кызматтан кеткен.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Шайлоо

Комментарийлер

live comments feed...