• Башкы бет
  • Актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат
13:31, 2022-ж., 19-декабрь

Актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат

Актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат

Бүгүн, 19-декабрда Бишкектеги Кыргыз Улуттук драма театрында эмгек сиңирген артист, актер Азиз Мурадилаев менен коштошуу зыйнаты өтүп жатат. Буга чейин актердун сөөгү өзүнүн керээзине ылайык "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлары маалым болгон.

Театр жана кино актеру, 44 жаштагы Азиз Мурадилаев 17-декабрда узакка созулган оорудан каза болду.

Буга чейин Мурадилаев боордун циррозу деген диагноз менен Бишкектеги ооруканага түшүп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылганы кабарланган.

Актердун жакындары анын боорун алмаштыруу үчүн чет өлкөдө жасалчу операцияга 45 миң доллар керек экенин кабарлашып, элден жардам сурашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Азиз Мурадилаев

Комментарийлер

live comments feed...