• Башкы бет
  • "Эсимде" тасмасы эл аралык кинофестивалда гран-прини жеңди
13:28, 2022-ж., 19-декабрь

"Эсимде" тасмасы эл аралык кинофестивалда гран-прини жеңди

"Эсимде" тасмасы эл аралык кинофестивалда гран-прини жеңди

Кыргызстандык кинорежиссер Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Евразия" эл аралык XVI кинофестивалында гран-прини жеңди. Бул тууралуу фестивалдын дирекциясы кабарлады, деп жазат "Азаттык".

Анда айтылгандай, кинофестивалда Евразия аймагынан тандалган 14 тасма көрсөтүлгөн.

Калыстар тобунун төрагасы, кинорежиссёр Али Хамраев Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы бир добуштан жеңүүчү деп табылганын билдирди. Жеңүүчүгө "Евразия" кинофестивалынын статуэткасы жана акчалай сыйлык ыйгарылды.

Маалыматта Актан Арым Кубат ушуну менен бул кинофестивалдын гран-присин үчүнчү ирет жеңгени айтылат. Буга чейин 1998-жылы фестивалдын алгачкы башкы сыйлыгы анын "Бешкемпир", 2010-жылы болсо "Свет аке" тасмалары үчүн ыйгарылган.

Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы Азия жана Тынч океан киноакадемиясынын калыстар тобунун башкы сыйлыгына татыган. Сыйлык тапшыруу аземи 11-ноябрда Автралияда өткөн.

Кинонун дүйнөлүк бет ачары быйыл октябрда Жапониянын борбору Токио шаарында 35-эл аралык кинофестивалда болгон. Тасма кийин 18-ноябрда Кыргызстанда көрсөтүлө баштаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
#Эсимде

Комментарийлер

live comments feed...